Азирети Муфтий Москва шаарында өтүп жаткан XIX Эл аралык мусулмандар форумуна катышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Москва шаарында өтүп жаткан XIX эл аралык мусулмандар форумуна катышып жатат. Бул тууралуу КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адиси Марат ажы Кадыкеев жеринен кабарлады.

Аталган форумга Борбордук Азиядан жана Араб жарым аралынан, ошондой эле ислам ааламына аты таанымал аалым, уламалар катышууда.

Форумдун максаты дин өкүлдөрүнүн каада-салттын сакталышына, тынчтык жана коопсуздуктун бекемделишине салым кошуу экенин Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы, шейх Равиль Гайнуддин билдирди.

«Бүгүнкү күндө дүйнөнүн айрым жерлеринде катталып жаткан жагымсыз терс көрүнүштөргө күн санап күбө болуудабыз. Палистинада балдар, аялдар жана кары-картаңдар кырылып жатат. Мунун алдын алуу үчүн биргелешип, бир пикирге келип, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарышыбыз керек. Эгер алдын албасак ушул сыяктуу көрүнүштөр тилекке каршы, улана берет», — деди ал.

Бардык аракеттерге карабастан дүйнөнүн көптөгөн аймактарында чыр-чатактар ​​кеңири жайылган бойдон калып жатканын, эл аралык коопсуздуктун жаңы системасын куруу үчүн дүйнөгө жаңы глобалдык тынчтык кыймылы керектигин, мында диний лидерлердин ролу чоң экенин белгилеген Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи буларга токтолду:

«Дүйнөдөгү адамдардын дээрлик 90% ы тигил же бул динге ишенет, демек дин адамзат жашоосунда маанилүү фактор. Ошондуктан, диний лидерлер дүйнөлүк иштерге олуттуу таасир эте алат. Анын үстүнө адам өмүрүнүн ыйыктыгы, кол тийгистиги, бири-бирин колдоо, кыйратуучу атаандаштык менен кастыкты четке кагуу – бардык диндерде бирдей болгон орток принциптер. Ошондуктан бул принциптер жаңы дүйнөлүк системанын негизин түзө аларына ишенем. Дүйнө саясий туңгуюк абалында калганда, маданияттар менен цивилизациялардын ортосундагы жакындашуунун көпүрөсү абдан зарыл. Бул маселеде биз, диний лидерлер жана эл аралык диний жамааттар диндер менен элдердин ортосундагы глобалдык диалогду, анын ичинде ушундай эл аралык форумдар жана конференциялар аркылуу жигердүү көмөктөшүү керек деп ойлойм».

Азирети Муфтий биргелешкен аракеттердин өз ара түшүнүшүүгө жана урматтоого негизделген дүйнөнү курууга алып барарын, ушул сыяктуу талкуулардын жана жемиштүү аракеттер менен мыкты, адилеттүү дүйнөнү түзүүгө болорун белгилеп, актуалдуу жана зарыл иш-чараны уюштурганы үчүн Орусия Муфтийлер Кеңешине ыраазычылык билдирди.

Иш-чара соңунда резолюция кабыл алынып, Палестина элине жана андагы бомбалоолордо шейит болгон мусулмандарга дуба кылынды.