Азирети Муфтий шейх Равиль Гайнуддин менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Москва шаарында өтүп жаткан XIX эл аралык мусулмандар форумунун алкагында Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы, шейх Равиль Гайнуддин менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ислам үммөтүнүн жалпы абалы, учур жана фатва маселелери, планетадагы ынтымак жана тынчтыкка салым кошуу, түрдүү улуттардын баалуулуктары, аларды сактоо, муфтияттар аралык кызматташтык жаатында пикир алышты.