Айтматов районунда экстремизмдин алдын алуу максатында 4 күндүк иш-чара өткөрүлдү

Айтматов районунда экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында 4 күндүк иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага райондук администрациядан, прокуратурадан, ички иштер башкармалыгынан, социалдык кызматкерлер, мугалимдер, окуучулар жана Айтматов районунун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев катышты.

Жыйындын жүрүшүндө экстремизм жана терроризм, зордук-зомбулук, рэкетчилик, суицид жана эрте никеге туруу маселелери каралып, алардын алдын алуу керектиги жөнүндө маалыматтар берилди. Бул иш-чаранын алкагында Айтматов районундагы бардык мектептерде 4 күн бою түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Район баш имам-хатиби Исламбек Куматаев ислам тазалыктын, тынчтыктын дини экенин, ошол эле учурда эктремизм жана терроризмге каршы келерин баса белгилеп, жыйындын катышуучуларын ар кандай диний агымдардан алыс болууга чакырды.