Таласта сегизинчи имамга умрага жолдомо белек кылынды

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы «Жума» мечитинин имам-хатиби Мирбек Жолдошбековго аталган айылдын тургундары тарабынан умра сапарына жолдомо берилди.

Иш-чарага облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана мурунку казы Таалайбек ажы Бапиев баштаган дин кызматкерлери катышты.

Облус казысы алгач Мирбек Жолдошбековго каалоо-тилегин айтып, айыл тургундарына ыраазычылыгын билдирип, облус боюнча 8-имамга умра сапарына жолдомо берилгенин жана бул бардык имамдарга мотивация болуп, күжүрмөндүк менен кызмат кылуусуна дем-күч болорун белгиледи.