Ибрагим Ильяс уулу: «Мечиттерде ибадат кылууга жакшы шарт түзүү — тазалыкты сактоо жана жылуулукту камсыздоо менен болот»

Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын кадр жана катчылык адиси Ибрагим Ильяс уулу Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы айрым мечиттерди кыдырып, кыштын суук күнүндө ибадат кылуу үчүн келгендерге жылуулукту камсыздап берген имам дамлаларга ыраазычылык билдирди. 

«Кыштын суук күнүндө мечиттерде ибадат кылууга жакшы шарт түзүү, тазалыкты сактоо жана жылуулукту камсыздоо менен болот» — деп билдирди.

Ага кошумча Өзгөн шаарынын жооптуу имамы Мухаммадаюб ажы Харинов шаардагы мечиттердин дээрлик бардыгы жылуулук менен камсыздалганын маалымдады.