Муфтият кызматкерлери Баткен райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жетектеген муфтият кызматкерлери Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен райондук хатибиятынын ишмердиги менен таанышты.

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов Баткен районунда жана борбордук «Нуьмани» мечитинде аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат берди. Ал эми Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен райондук хатибияты аткарган иштерди, борбордук мечиттеги оңдоп-түзөө иштерине жогорку баа берип, коомдо ислам баалулуктарын жайылтуу, ысырапкерчилик, терс агымдарга каршы күрөшүү зарыл экендигин кошумчалады.

Ошондой эле  Абибилла ажы Кадырбердиев бешим намазынан соң мечит жамаатына Куран аяттары жана хадистердин негизинде кыскача баяндама жасады.