Ибрагим Ильяс уулу: «Ишмердүүлүктү жакшыртууда иш кагаздарына так болуу абдан маанилүү»

Кечээ, 14-декабрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын кадр жана катчылык адиси Ибрагим Ильяс уулу Өзгөн шаарында жайгашкан «Хайриниса» медресесинин зыярат кылып, иш кагаздары менен таанышты. 

«Ишмердүүлүктү жакшыртууда иш кагаздарына так болуу абдан маанилүү. Андыктан ар бир аткарылган ишти кагаз бетине түшүрүү жана кириш-чыгыш каттарды каттоого алуу, КМДБ жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды аткарууда чоң жардам берет «, —  деп баса белгилеп өттү.

Айта кетсек, аталган окуу жай 2013-жылы мамлекеттик эсептик каттоодон өткөн. Учурда 200 дөн ашуун студент илим алууда. Ошондой эле, 2020-жылы Куран жаттатуу бөлүмү ачылып, 2023-жылы 4 студент кыз Куранды толук жаттаган.