Дастан ажы Мамаев: «Мечитте эмгектенүү кызмат эмес, ибадат кылгандай сооптуу иш»

Ош облусундагы Кара-Кулжа районун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев мечиттерди кыдырып, жамааттардан кабар алып, диний объектилердин жылуулуктарын текшерди.

«Мечитте эмгектенүү кызмат эмес, ибадат кылгандай сооптуу иш. Өзгөчө мечитти жылуулук менен камсыздоо аркылуу көптөгөн адамдардын ибадат кылуусуна шарт түзүлөт. Ошондой эле мечиттерди жылытууда электр энергиясын үнөмдөө максатында көмүр аркылуу жылуулук камсыздалууда», — деди Дастан ажы Мамаев

Ал Кара-Кулжа районунда дээрлик бардык мечиттер жылуулук менен камсыздалганын кошумчалады.