Кара-Кулжа райондук хатибиятынын кызматкерлери ыраазычылык баракчалар менен сыйланды

Бүгүн, 15-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев хатибият кызматкерлерине жыйын уюштуруп, жыл ичинде аткарылган иштер боюнча талкуу өткөрүп, натыйжада үзүрлүү эмгектен кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалап, хатибияттын ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

«Көптөгөн жылдардан бери ислам дининин бекемделишине жана жаштардын адеп-ахлагын жакшыртууда талыкпай эмгектенип келгениңиздер үчүн Аллах ыраазы болсун. Ар дайым Аллах ыраазычылыгы үчүн жакшылык иштерде кызмат кылып жүрүүнү насип кылсын » — деп билдирди баш имам-хатиб.

Айта кетсек, ыраазычылык баракча алган Абдулхаким Аскаров менен Асран Айдаров хатибиятта 8 жыл бою эмгектенип келишет.