Баткенде шаарында бейтап тургун зыярат кылынып, материалдык жардам көрсөтүлдү

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталында кезектеги кайрымдуулук  иш-чара уюштурулду. Кызыл-Жол кварталынын “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси жана жергиликтүү жашоочулардын колдоосу менен айылдагы сыркоолоп жүргөн тургунга колдоо көрсөтүү максатында 76 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

«Динибизде оор абалдагы муктаждарга жардам берүү ибадат деп айтылат. Ооруп жаткан мусулмандан кабар алуу, ага көмөк кылуу мусулмандардын милдети болуп эсептелет. Андыктан айылыбыздын жашоочуларынын колдоосу менен аз да болсо жардам болсун деп, акча чогултуп тапшырдык», — деп билдирди Кожали Абазов.

Имам бейтапка Жараткандан шыпаа тилеп, жакшылыкка кол узаткан тургундарга ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, аталган айылда мындай кайрымдуулук жана үлгүлүү иш-чаралар  тез-тез өткөрүлүп турат. Буга чейин муктаж үй-бүлөлөргө 40 баш кой, 10 эчки таратылып берилген.