Баткенде медресе студенттери үчүн китепканага саякат уюштурулду

Баткен шаарындагы «Муьаз ибн Жабал» медресесинин студенттери узап бараткан «Адабият күнүнө», өзгөчө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата шаардагы борбордук китепканага саякат уюштурушту.

Саякаттын жүрүшүндө китепкана залдары, китеп көргөзмөлөрү, китепкана эрежери менен таанышып чыгышты. Ошондой эле Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата коюлган китеп көргөзмөлөрү алдында кеңири маалыматтар берилип, студенттер менен суроо-жооптор болду. 

Медресе студенттери кызыктуу китеп саякат уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүп берген китепкана жамаатына ыраазылык билдирип, иштерине ийгилик каалашты.

Эскерте кетсек, иш-чара студенттерди китеп окууга жана билим алууга кызыктыруу максатында уюштурулду.