Жамал Фронтбек кызынын атасы дүйнө салганына байланыштуу Азирети Муфтий көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган КМДБ жамааты «Мутакаллим» коомунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын атасы дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Жамал айым! Атаңыздын  дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан Алла Таала маркум Фронтбек атабызды Өз ырайымына алып, Бейиш бакчаларын насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уругуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтам жана кайгыңыздарды тең бөлүшөм.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев