Азирети Муфтий Баткенде классташтар тарабынан курулган мечиттин ачылышына катышты

Баткен облусу

Бүгүн, 17-декабрь күнү Баткен районунун Кызыл-Бел айылында  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин катышусунда жергиликтүү айылдын 1985-жылы туулган жаштарынын демөөрчүлүгү менен курулган, жаңы заманбап мечиттин ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кырызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов жана айыл тургундары катышты.

Ачылыш аземи ыйык Курандан үзүндү окуу менен башталды. Андан соң Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жергиликтүү жашоочуларды жаңы мечити менен куттуктап, ага демөөрчү болгон 1985-жылы туулган жаштарга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле мечит жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, боорукерликке, кайрымдуулукка жана ата-энени урматтоого, Мекенди сүйүүгө үндөгөн коломто болуусу керек экенин айтып, мечитке кирген жаран мечиттен чыкканда өзгөрүп чыгышы керектигин билдирди.

Ал эми Кырызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана мечиттин ачылуу аземине келген коноктор мечиттин жакшылыкты үйрөнүп, жамандыктан арылуучу, ынтымакты бекемдөөчү, эң негизгиси амал үзүлбөгөн жайлардан болушуна тилектештигин билдиришти.

Белгилей кетсек, жаңы мечит 400 орунга ылайыкташып, жалпы 6 млн сом акча сарпталган.