Азирети Муфтий Баткендеги Борбордук мечиттин жамааты менен жолугушуп, шам баянын өттү

Бүгүн, 17-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы Борбордук мечиттин жамааты менен жолугушту. Жолугушууга облустагы КМДБнын курамындагы кызматкерлер жана диний үгүтчүлөр катышты.

Азирети Муфтий жамаатка ислам баалуулуктары жана диний эрежелер жөнүндө шам баянын өтүп, жарандардын суроолоруна жооп берди.

«Ислам динибиз кылымдардан бери муундан-муунга, атадан балага өтүп  келе жаткан салт-санаабызга, үрп-адатыбызга абдан түз карайт жана колдойт. Андыктан өзүбүздүн баалуулуктарды сактап, динибиз менен чогу алып кетишибиз зарыл. Башыбыздан калпагыбызды түшүрбөй, элибизди ынтымакка, биримдикке жана бир туугандыкка чакыралы. Биз үй-бүлө институтун бекемдеп, аларга камкор бололу! Сапарга чыкканда алар кыйналып калбагыдай кылып шарт түзөлү»,-деди Азирети Муфтий.

Эскерте кетсек, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев бүгүн, 17-декабрь күнү Баткен районунун Кызыл-Бел айылында 1985-жылы туулган жаштарынын демөөрчүлүгү менен курулган заманбап мечиттин ачылышына катышкан.