![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/12/photo_2023-12-17_22-52-40.jpg)
Бүгүн, 17-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында казыят кызматкерлери, баш имам-хатибдер жана диний окуу жайлардын жетекчилерине жыйын өткөрдү.
Жыйында ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштер, КМДБ тарабынан берилген буйрук-тапшырмалардын аткарылышы, диний кызматкерлердин жоопкерчилиги, укук-милдеттери, формасы, улуттук нарк жана каада-салтты сактоо жаатындагы иш-чаралар боюнча талкуу өттү.
«Жараткан Алла Таала бизге өтө зор дөөлөттөрдү ыроологон. Андыктан ошол нерселердин баркын билели. Өзгөчө ушундай капсалаңдуу доорлордо биримдикте болуп, динибизге жоопкерчилик менен мамиле жасайлы«, – деп билдирди Азирети Муфтий жыйналышта.
КМБДнын жетекчиси үстүбүздөгү кварталда диний уюмдарда тартип жана иретке келтирүү жүргүзүлүп жатканын, бул өз кезегинде диний башкармалыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.