Ош шаардык казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, имамдарды сыйлады

Ош шаардык мусулмандар казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты ишмердүүлүгүн көрсөткөн имамдарга жана диний окуу жайлардын жетекчилерине ыраазычылык баракчаларды тапшырылды. Саамалыктын алкагында шаар казысы Мирланбек ажы Токтомушов динге кызмат кылгандардын үзүрү жерде калбай тургандыгын айтып, ыраазычылык билдирди.

«Дин кызматкерлеринин иши абдан оор, жоопкерчиликтүү жана баалуу. Имамдарыбыз дайыма эл кызматын аркалап, коом үчүн иштешет. Ошондуктан биз ар бир ишти баалап, барктап, анын жыйынтыгын дагы чыгарганды унутпашыбыз керек»,-деди Мирланбек ажы Токтомушов. 

Жыйынга ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Адилбек уулу Фуркат катышып, казыяттын жана диний жааттагы имамдарын ишмердүүлүгүнө жардам бергендиги үчүн шаар казысы тарабынан сыйланды.