Азирети Муфтий Ош шаарынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 18-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, ынтымак жана биримдик тууралуу баяндама жасады.

«Тынчтыктын кадыр-баркын өз убагында сезе билишибиз шарт. Чет жактан окусак да, кай жерден илим алсак да, өзүбүздүн салтыбызды сактообуз керек. Өзүбүздүн жеке иштерибиз үчүн динди жамынып албайлы. Анын себебинен элге динди жаман көрсөтүп албайлы. Ошондой эле өз ара жамаатташып бөлүнбөй, ынтымак жана биримдикте бололу», — деп баса белгиледи.

Азирети Муфтий өз баяндамасында динибиздеги илим алуу, жүрүм-турум, кийим-кече жана бири-бирин урматтап сыйлоо тууралуу айтып өттү.

Айта кетсек, аталган жыйынга Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев, ДИМК ТАБнын башчысы Фуркатбек Адилбек уулу, казыят кызматкерлери, имамдар, диний үгүт-насаатчылар жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, ушул күндөрдө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары жана Ош шаарында иш сапары менен кыдырып жүрөт.