Азирети Муфтий Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, ислам баалуулуктары жөнүндө насаат кылды

Бүгүн, 18-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунда болуп, «Айти» жума мечитинде жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Ниматулла ажы Жээнбеков баштаган облустук казыяттын аппараты, имам-хатибдер жана диний үгүт-насаатчылар катышты.

Азирети Муфтий эл менен жолугушууда исламдын асыл баалуулуктары, коомдогу ынтымак жана биримдик, каада-салтты сактоо жөнүндө сөз кылды. Ошондой эле ысырап боюнча токтолуп, анын кесепеттерин айтып өттү.

«Бизди эки учурдагы ысырап мукуратып келет. Элибиздин бир даары жамандыкта ысырап кылса, бир даары жакшылыкта, тагыраагы той-топурда ысырап кылып коюп жатат. Бул туура эмес. Алла Таала ыроологон нээмат-жакшылыктарды ысырап кылып, Улуу Заттын каарын чакырбасак», – деди ал.

КМБД жетекчиси сөзүнүн соңунда жалпы катышуучуларды диндеги биримдикке, тартипке, коомдогу тынчтыкка, мыйзамдуулукка чакырып, жаштарды адепке, билимге жана мекенчилдикке чакырды.