Азирети Муфтий «Жалал-Абаддагы «Нуркожо» ислам борборун зыярат кылып, 24 саат хатм саамалыгы менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Нуркожо» атындагы ислам борборун зыярат кылды. Зыяраттын жүрүшүндө ал 24 саат хатм Куран саамалыгы менен таанышып, жаңы хатмды баштап берди.

«Бул жер жөн жер эмес, бул саамалык жөн саамалык эмес. Ушул жерде олтурган бир туугандар аны абдан жакшы билесиздер. Буга чейин Бишкекте онлайн Куран хатм саамалыгы башталса, ага удаа эле Жалал-Абадда ишке ашты. Мындай куттуу саамалык Алланын колдоосу менен гана болот. Алла Таалам тынымсыз окулуп жаткан Куран хатмдарынын урматына Мекенибизге тынчтык, элибизге ынтымак, динибизге риваж, өлкөбүзгө бейпилдик жана өнүгүү берсин», – деди өз сөзүндө.

Ал эми Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Ниматулла ажы Жээнбеков Куран саамалыгы жөнүндө маалымат берип,

«Азирети Муфтийдин демилгеси жана тапшырмасы, Куранга кызмат кылам деген замандаштардын аракети менен ушул үзгүлтүксүз хатм саамалыгы 6-декабрь күнү башталган эле. Мына бүгүн Азирети Муфтий өзү келип, расмий баштап берип олтурат. Мындай жогорку деңгээлдеги иш-чаранын ишке ашышы жана жолго коюлушу оңой болгон жок. Эми ушул куттуу Куран саамалыгы токтобой, кыяматка дейре улана берсин», – деп билдирди.

Белгилей кетсек, 24 саат хатмды күнүнө 7 кары кезектешип окуйт. Буга чейин мындай Куран хатм саамалыгы Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы борбордук мечитте Азирети Муфтийдин демилгеси жана катышуусу менен башталып, YouTube платформасындагы «Куран ордо» каналынан түз эфирге чыга баштаган. 7/24 хатм дүйнөнүн сейрек өлкөлөрүндө гана ишке ашып келет.