Акжол ажы Бакиров Өзгөн шаарынын жаңы дайындалган мэри менен жолугушту

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн шаарына жаңы дайындалган мэр Залкар Каримов менен жолугушуп, алдыдагы иштерине ийгилик каалап, Куран китебин белек кылды.

«Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун. Буйурса жакындан таанышып, тыгыз иш алып барабыз деген ойдомун. Алдыда көптөгөн жакшы иштерде жолугалы. Аллахым жакшылык иштерге себепчи кылсын», — деди Акжол ажы Бакиров.

Тараптар 2024-жылга карата чогуу аткарыла турган иштер боюнча да пикир алышты.