Сулумбек ажы Узеналиев республикалык Куран жарыштын жеңүүчүсүн сыйлады

Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын чакыруусу менен республикалык Куран жарыштын жеңүүчүсү Дастанбек кары Эркинбек уулу облустук казыяттын кеңсесинде конокто болду.

Жолугушууга Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жетектеген казыят кызматкерлери, «Расул Акрам» ислам институтунун ректору Тариэл ажы Абжалбеков жана имам-хатибдер катышты.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев Дастанбек кары Эркинбек уулунун жеңиши менен куттуктап, «Мына ушундай карыларыбыздан биздин учубуз да кур эмес экен, абдан кубандык. Мындан аркы кадамың байсалдуу болсун. Дүйнө биринчилигинде да жеңишке жетишип, кыргыз жергесин дүйнөгө даңазалай бер», — деп ийгилик каалап, ыраазычылык баракча жана акчалай сыйлык тапшырды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө «Расул Акрам» ислам институтунун ректору Тариэл ажы Абжалбеков облустагы имам-хатибдерге акыйда боюнча лекция окуду.

Эскерте кетсек, Тариэл ажы Абжалбеков ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү имам-хатибдерге акыйда илими боюнча сабак өтүп келет.