Абдил-Азиз ажы Чыныбеков: «Ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча биз, дин кызматкерлери колдон келишинче аракет кылуудабыз»

Чүй облусунун администрациясында ысырапкорчулуктун алдын алуу жана бул багытта буга чейин аткарылган иштерге баа берүү боюнча жыйын болуп өттү.Жыйынга Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г.А.  Кыштобаева, райондордон акимдери, ОИИБден өкүлдөр жана Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков баштаган баш имам-хатибдер катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыктын ишке ашырылуусу каралды.

«Чүй облусунун аймагындагы 430 мечитте, ошондой эле жакшылык-жамандыктарда, эл чогулган жерлерде диний кызматкерлер, имамдар тараптан ысырапкерчиликти мүмкүн болушунча болтурбоо үчүн үгүт-насаат иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. 2023-жылдын сентябрь жана октябрь айларында Азирети Муфтий Замир кары Ракиев «Агартуу кербени» аттуу көчмө иш-чарасынын алкагында Токмок, Кара-Балта шаарларына келип, баалуу насааттарын айтып кетти. Муфтият кызматкерлери да Панфилов, Жайыл райондорунун мечиттеринде имамдар жана эл менен жолугушуп, маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчиликти болтурбоо туурасында эскертишти. Жогоруда айтылгандай, биздин казыят жана хатибияттар да жарлык чыккан күндөн тарта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Айтор бул багытта колдон келишинче иш-чаралар өткөрүлүүдө», — деп билдирди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.