Баткен казыяты “Үй-бүлө баалулуктары” темасында аялдарга лекция уюштурду

Баткен шаарында жайгашкан “Абу Бакр Сыдык” атындагы мечитте Баткен казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат адиси Сайдахмад ажы Аппазов жана «Муъаз ибн Жабал» медресесинин мугалими Кундуз Жалилова “Үй-бүлө баалулуктары” темасынын алкагында аялдар үчүн лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө үй-бүлө институтун бекемдөө, бала тарбиясы жана билим алуу темаларында баалуу баяндама айтылды.

“Тарбия үй-бүлөдөн башталат. Андыктан баланын билими, тарбиясы анын ата-энесинен көз каранды. Ошондуктан ата-энелер баланын билим, тарбия, кулк-мүнөзүн оңдоого көңүл буруусу зарыл. Буйруса лекция сабактарды тез-тез уюштурабыз. Иш-чарабыз суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулардын бир топ турмуштук суроолоруна жооп берилди”, — деп билдирди Сайдахмад ажы Аппазов.