Өзгөндөгү «Абдирайим кары» медресесиндеги 60 студентке кышкы кийимдер белек кылынды

Кечээ, 19-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров «Абдырайым кары» медресесин зыярат кылып, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн көмөгү менен 60 студентке кышкы кийимдерди тапшырды. Ошону менен бирге студенттерге «Илим алууда убакытты туура пайдалануу» аттуу темада баяндама жасады.

«Илим алууда убакытты туура пайдалануу чоң роль ойнойт. Медресеге окууга тапшыргандан кийин күнүмдүк убакытты туура бөлүштүрүп, бар күчүңөрдү илим алууга жумшасаңар ийгиликке жетесиңер деп ишенем. «Илимдин тамыры ачуу, мөмөсү таттуу» дегендей, талыкпай алган илимиңердин үзүрүн сөзсүз көрөсүңөр», — деди Акжол ажы Бакиров.