Таалайбек Акунов: «Ислам дини ынтымак, бир туугандык менен дүйнөгө тараган»

Тоң районунун Коңур-Өлөң, Эшперов айылдарынын мечитинде райондун баш имам-хатиби Таалайбек Акунов эл менен жолукту. Жолугушууда келген жамаатка, мечитти таза кармоо, жылуулоо, мечит менен дайыма байланышта болуу, эл ичинде ынтымакты бекемдөө, аш-тойлордо ысырапкерчиликке жол бербөө, биримдик жана динибиздеги илим алуунун орду тууралуу баяндама жасады.

“Урматтуу жамаат, Куранда Алла Таала, “Чындыгында Аллахтын мечиттерин Аллахка, акырет күнүнө ишенген, намазды толук аткарган, зекет берген жана Аллахтан гана корккон курат. Ушулар туура жолдо болушар” деп айтат. Мечиттин кооздугу — адамдардын көбүрөөк мечитке каттоосу менен болот. Ошол себептен мечитти кооздойлу. «Ынтымак бар жерде ырыс бар». Ислам дини да ынтымак, биримдик, бир туугандык менен күчтөнүп, дүйнөгө тараган. Сахабалардын бири-бирине болгон сый-урматы, биримдиги бизге чейин жетип олтурат. Ошондуктан ынтымак маанилүү нерсе, ынтымагыбыз бекем болсун,”- деп баш имам-хатиб келген адамдарга насаат кылды.

Белгилей кетсек, баш имам-хатиб Эшперов айылында аксакалдар менен жолугушуп, мечиттин ремонту, кайрымдуулук жөнүндө пикир алышты. Жыйынтыгында айылдагы жоомарт адамдардын колдоосу менен мечиттин курулушуна 450 миң сом берилмей болду.