Кара-Кулжа районундагы «Шарип ата» медресесинде кошумча имарат курулууда

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев «Шарип ата» медресесиндеги курулуш иштери менен таанышты.

«Ибадат кылуу жана илим алуу үчүн заманбап шарттарды түзүү учурдун талабы болууда. Колдон келишинче жакшылык иштерде кызмат кылып көмөк көрсөтүп жаткандардан Аллах ыраазы болсун», — деди Дастан ажы Мамаев.

Ошондой эле, даараткананын курулуш иштери эки жуманын ичинде бүткөрүлүп, пайдаланууга бериле тургандыгын диний окуу жай жетекчиси Кубаныч ажы Маматов маалымдады.