Баткенде аялдар арасында салават айтуу боюнча жарыш өтүп, жеңүүчүлөргө умра сапарына жолдомо ыйгарылды

Баткен районунун Чек айылында уюштурулган 3 айлык салават жарышына жалпы 72 аял катышты. Анда жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан эң алдыңкы 2 орунга умра сапарына жолдомо, калган 5 орунга турмуш-тиричиликке керектүү кир жуугуч машина, газ плита ж.б. баалуу белектер тапшырылды. 

Иш-чараны Баткен районунун хатибиятында эмгектенген Роза Арзибаева уюштурду. Сыйлык тапшыруу аземи Чек айылындагы “Жаңы мечит” атындагы мечитте өтүп, сынакка катышкан айымдарга Баткен райондук хатибияты тарабынан атайын чакырылган Абдурашид ажы Юнусов салаваттын пазилеттери жана пайдалары тууралуу таалим сабак өтүп, мечитке китептерди белекке берди.