Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну айыл имамына умра сапарына жолдомо берди

Нарын облусунун Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну айыл имамына умра сапарына жолдомо берди. Ыйык сапарга жолдомо имамдын күжүрмөн эмгеги үчүн тапшырылган.  Бул тууралуу Кочкор районунун баш имам-хатиби Жеңишбек ажы Арзымкожоев кабарлады.

«Имамдык кылуу ардактуу да, түйшүктүү да кесип. Ачык айтыш керек, имамдын милдети намазга өтүп коюу менен чектелбейт. Элдин диний сабаттуулугун көтөрүү же диний агартуу, динди туура нукта жеткирүү, эң негизгиси Куранды үйрөтүү болуп саналат. Мындан сырткары дагы тиешелүү милдеттери бар. Имамдар муфтият, казыят жана хатибияттардан келген буйрук жана тапшырмаларды так аткарышы  керек. Муну менен катар күн-түн дебей эл кызматында. Андыктан жаштардын имамдын ишине баа бергени абдан жакшы көрүнүш. Адамга ыракмат айта албаган, Алла Таалага ыракмат айта албайт»,-деди Кочкор районунун баш имам-хатиби.

Сертификат айыл имамына жергиликтүү тургундардын катышуусунда тапшырылып, ыраазычылыктар айтылды.