Акжол ажы Бакиров: «Илим алууда абдан жөнөкөй болгула»

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров «Имам Ажал Сарахсий» медресесин зыярат кылып, студенттерге «Илим алуучунун адеби» деген темада баяндама жасады. Ошондой эле жергиликтүү демөөрчүлөрдүн көмөгү менен 40 студентке кышкы кийимдерди белек катары тапшырды.

«Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло» демекчи, илим алууда абдан жөнөкөй болгула. Анткени жөнөкөйлүк адамдын жылдызы», — деди Акжол ажы Бакиров. Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 19-декабрь күнү «Абдирайим кары» медресесиндеги 60 студентке кышкы кийимдерди тапшырган болчу.