Абдыкерим Толубаев : «Жакшы окуп, түз жүрүү чоң ийгиликтерге жетелейт»

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл өкмөтү Тегерек-Саз айылында жайгашкан «Тойгонбай уулу Мамаш» атындагы мечит имамы Абдыкерим Толубаев аталган айылдагы Б. Эркинбаев атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, диний баалуулуктар боюнча баяндама жасады.

«Максатсыз адам канатсыз куш сыяктуу, ошол себептен ар дайым алдыга умтулуу керек. Мектепте жакшы окуп, түз жүрүү чоң ийгиликтерге жетелейт», — деди Абдыкерим Толубаев.