Караколдо “үй-бүлөлүк бакыт” аталышында сабак уюштурулду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Мухтарулло” атындагы мечитте “Үй-бүлөлүк бакыт” аттуу сабак болуп өттү. Каракол шаардык хатибияты менен биргеликте уюштурулган семинарда Иордания мамлекетиндеги дүйнөлүк ислам университетинин бүтүрүүчүсү, “Азирети Осмон” атындагы ислам институнун мугалими Мухаммад-Алим Исаков үй-бүлөгө тиешелүү баалуу лекция окуду.

Сабак жубайлардын жалпы укук-милдеттери, жоопкерчилик, илим, бала тарбиясы, аял-эркектин ортосундагы бири-бирине болгон сый-урмат, кайын журт менен мамилелери тууралуу болду.

“Азыркы учурда коомчулукта болуп жаткан жубайлардын ортосундагы көйгөйлөрдүн көпчүлүгү шарият маселелерин, бири-бириндеги укук-милдеттерин билбегендиктен чыгып жатат. Чындыгында шариятыбыз ар бир адамдын укугун, милдеттерин, акыларын, кандай мамиледе болуулары керектигин кабарлап, тизмектеп койгон эле. Ошолорду гана пайдаланып жашасак, үй-бүлөдө бакыт болот. Эркекте сүр жана чечкиндүүлүк, аялда уяттуулук жана күйөөсүнө баш ийүү болгон үйгө бакыт ыроолонот”, — деди Мухаммад-Алим Исаков.

Мухаммад-Алим Исаков сабакты мечитке уюштуруп, адамдарды чогултуп берген Каракол шаардык хатибиятына ыразычылыгын билдирди.

Айта кетсек, сабакка катышкан адамдар өздөрүнүн суроолорун берип, жооп алышты.