Сайдамир ажы Жейналиев: «Ысырап кылбай, тынчтыктын, токчулуктун кадыр-баркына жетели»

Бүгүн, 22-декабрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай районунун борбордук мечитине барып, жергиликтүү эл менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында жума баянына чыгып, КМДБ тарабынан бекитип берилген «Ысырапкорчулуктун коомдогу зыяны» деген темада баяндама жасады.

«Кереметтүү Куранда ысырапкорчулук жөнүндө: «Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла. Анткени ысырап кылуучуларды Аллах таала жактырбайт», – деп айтылат. Ошол себептен ысырап кылбай, тынчтыктын, токчулуктун кадыр-баркына жетели», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Облус казысы мазхаб кармануу боюнча маалымат берип өттү.