Тиллабай ажы Кадыров «Ардактуу баш имам-хатиб» номинациясы менен сыйланды

Бүгүн, 22-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров Ош облустук казыяты тарабынан «Ардактуу баш имам-хатиб» номинациясы менен сыйланды.

Тиллабай ажы Кадыров аталган райондо 2013-жылдан бери баш имам-хатибдик кызматын аркалап келген.

«Мен баш имам-хатиб болуп келген учурда райондо 43 мечит бар эле. Кудайга шүгүр азыркы учурда 67 мечит болду. Колдон келишинче Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кызматыбызды аткардык», – деди Тиллабай ажы.