Жаңы дайындоо: Эмирлан Бообеков Алай районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Бүгүн, 22-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатибдик кызматында кадрдык өзгөрүү болду. Айта турган болсок, Тиллабай ажы Кадыров өз арызынын негизинде иштен кетип, кызмат ордун өзү тарбиялап, чогуу иштешкен шакирти Эмирлан Бообековго тапшырды.

Бообеков Эмирлан Алтымышович Ош облусунун мусулмандарынын казысынын буйругунун негизинде баш имам-хатиб болуп дайындалды.

Бообеков Эмирлан Алтымышович тууралуу маалымат:

Ал 1997-жылдын 14-январында Алай районунун Гүлчө айылында туулган.

2015-2019-жылдар аралыгында Кыргызстан Ислам университетинде окуган. Ошол эле учурда 2014-2018-жылдар аралыгында Ош технологиялык университетин сырттан окуп бүткөн.

Эмгек жолу:

— 2015-2016-жылдары Бишкек ш. “Айша” мечитинде имам жардамчысы.

— 2016-2018-жылдары “Ыйык Ата-Журт” жаштар коомдук фондунда ассистент.

— 2019-2021-жылдары Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу “Акбермет Эне” мечитинде имам-хатиб.

— 2022-жылдан азыркы күнгө чейин Алай райондук хатибиятында жооптуу катчы.

— 2023-жылы Алай районунун ажылык боюнча жооптуу адиси.

Сыйлыктары:

— 2010 жана 2014-жылдары Т. Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын мактоо баракчасы.

— 2016-2017-2018-2019-жылдары Кыргызстан Ислам университетинин ар түрдүү маанидеги мактоо баракчалары.

— 2023-жылы Гүлчө айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты.