Сайдамир ажы Жейналиев: «Ынтымак бар жерде – ырыс бар»

Бүгүн, 22-декабрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай районуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңы дайындалган баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков менен биргеликте, жергиликтүү аксакалдар менен жолугушту.

«Улууга урмат, кичүүгө ызат демекчи, жаңы дайындалган баш имам-хатиб дамла эми аксакалдар менен да, кичүүлөр менен да жакшы мамиле куруп, тыгыз иш алып барат деген ишеничтебиз. Ынтымак бар жерде – ырыс бар. Ошол себептен, ар дайым ынтымакта болгула», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Ошондой эле, жаңы дайындалган баш имам-хатибге ак батасын берип, ишине ийгилик каалады. Жергиликтүү аксакалдар да өздөрүнүн жакшы сөздөрүн айтып, бата беришти.