УРШ болочок ажылардын формасы тигилчү цехти текшерди

Бүгүн, 22-декабрь күнү УРШнын төрагасы, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган УРШ өкүлдөрү 2024-жылдагы ажылардын формасын тигүүчү цехти зыярат кылышты.

«Ар жыл сайын кыргызстандык ажыларга жилет тигилет эмеспи. 2024-жылдагы болочок ажыларыбыздын формасы үчүн кийим тигүүчү ишканалар ортосунда конкурс жарыялаганбыз. Быйылкы конкурска 4 ишкана катышып, алардын ичинен ЖЧК «Тайган Коллекшн» фирмасы сунуштаган үлгү көпчүлүктүн купулуна толгон. Конкурста жеңүүчү деп табылган цехке келип зыярат кылып, кабар алып, текшерип жатабыз. Материалдары, тигүүчүлөрү, заманбап техникалар менен жабдылуусу, айтор баары ойдогудай экен. Бардык материалдар жетиштүү деңгээлде алынып келиниптир», – деп билдирди 1-орун басар.

Белгилей кетсек, 2023-жылкы зыяратчылардын формасын ОсОО “Шаң стиль” ишканасы тиккен.