Токтогулда имамдын эмгеги жаштар тарабынан бааланып, автоунаа белек кылынды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы “Мухаммадкадыр” жума мечитинин имам-хатиби Айбек Дүйшөбаевге аталган айылдын жаштары Nissan X-Trail үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.  

Жаштардын бул аракетине кубанган имам, талыкпаган эмгектин акыбети кайтарын айтып,

“Биз чын жүрөктөн Аллахка болгон ишеним менен динге кызмат кылдык. Бүгүн мына мынтип айылдын жаштары демилге көтөрүп, бул саамалыкты жасап жатат. Жаштардын мындай аракетине аябай ыраазымын. Жаштарыбызга Аллахым бекем ден-соолук, берекелүү, бактылуу жашоо берсин. Элибизде тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибиз гүлдөп өскөн өлкө болсун”, — деп батасын берди.

Белгилей кетсек, Айбек Дүйшөбаев исламга кызмат кылып, 30 жылдан ашуун имамдык милдетин аркалап келген. Анын төрт уул, үч кыз, бир небереси бар.