Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби окуучулар менен жолугушту

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев Исхак Раззаков атындагы сапат лицейинде жогорку класс окуучулары менен жолугушуп, диндердин өнүгүү тарыхы сабагынан окуучулар арасында өткөн сынакка катышты. 

Сынактын алкагында Нийматилла ажы Топчиев окуучуларга ата-бабаларыбыз карманып келген салттуу дин боюнча маалымат берип, динде аша чаап кетпөөгө чакырды. 

“Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы боюнча өткөн сынактын жүрүшүндө окуучуларга берилген суроо-жоопторду көрүп аябай кубандым, себеби мектеп учурунда балдарыбыз туура диний маалыматка ээ болушса, алар келечекте туура эмес агымдарга азгырылбайт деген ишенимди чагылтырды”, — деди Нийматилла ажы Топчиев. 

Муну менен катар баш имам-хатиб бүгүнкү күндө билим жана интеллектуалдык жактан жаштардын деңгээлин көтөрүү зарыл экендигин баса белгилеп, бирге иш алып баруу зарылдыгына токтолду.