Баткенде имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы «Кааба» мечитинин имамы Жусуп Кудайбердиевдин демилгеси жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен айылдагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды.

«Аллах Таалам кээ бирине байлык берип сынаса, кээ бирин кембагал кылып сынайт. Байларга муктаждарга көмөк көрсөтүп, жардам берүү милдети да жүктөлгөн. Кайрымдуу жарандарыбыздын жардамы менен айылдагы 20 муктаж үй-бүлөгө 6 каптан акысыз көмүр тараттык”, — деди имамы Жусуп Кудайбердиев.

Ал эми мечиттин имам-хатиби мындай жардамдар улантыларын баса белгилеп, жардамга муктаждардын социалдык мүдөөсүн чечүүгө бардык мүмкүнчүлүгүн жумшай тургандыгын кошумчалады.