Ысык-Атада имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы «Амир» мечитинин имамы Идрис ажы Юбуровдун демилгеси менен 30 тонна көмүр муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

«Аллах Таала ыйык Куранда, «Намаздарды (өз убактысында) окугула, зекетти бергиле. Аллах үчүн чын жүрөктөн көркөмдүү карыз бергиле. Эмне берген болсоңор, андан да жакшыраак жана чоңураак сыйлыкты Аллахтын алдында табасыңар. Аллахтан кечирим сурагыла. Албетте,  Ал — Ырайымдуу, Кечиримдүү!» деген. Биз мусулмандар жакшылыкты улуу Жараткандан үмүт кылышыбыз керек. Аллахтан үмүт кылгандарды Ал дүнүйө-акыретте кур калтырбайт. Ошондуктан мүмкүнчүлүк болуп турганда колдон келген жакшылыкты кылып калалы», — деп билдирди Идрис ажы Юбуров.