Талантбек Акылбек уулу: «Илимдүү адам көздөгөн максатына жетет»

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылындагы академик Асылбек Алтымышбаев атындагы орто билим берүү мектебинин 7-11-классынын окуучуларына райондун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу жана айылдын имамы Жолдошбек Өмүрканов сабак өттү.

Сабак экстремизм, терроризмдин кесепеттери жана динге тиешеси жоктугу, адеп-ахлак, ыймандуулук, ишеним негиздери, илим алуу, окуучулар арасында рэкетчилик жана диндер тарыхы темаларында болуп, окуучулар пайдалуу маалымат ала алышты.

«Ислам дини тынчтыкты, биримдикти туу туткан дин. Эч качан бирөөнү уруп-согуу, бирөөнүн бир нерсесин тартып алууга үйрөтпөйт. Рэкетчилик кылып, чоң класстын балдары кичине класстын балдарына салык салуу, зомбулук кылуу өтө катуу тыйылган. Андай жолдон алыс болгула! Силер азыр илим-билимге умтулуп, жакшы окушуңар керек. Анткени, илимдүү адам гана көздөгөн максатына, тилеген тилегине жете алат», — деп баш имам-хатиб өзүнүн насаатын айтты.