Сайдамир ажы Жейналиев: «Имам — эл арасында жүрүп, түрдүү маселелер менен кездешет»

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ноокат районунун борбордук мечитинде райондун жалпы имамдары менен жолугушуп, «Мазхаб кармануунун зарылдыгы» деген темада баяндама жасады.

«Имам — ар дайым эл арасында жүрүп, түрдүү маселелер менен кездешет. Ошол себептен илим алууну эч качан токтотпоңуздар. «Илим алуу — ийне менен кудук казгандай» демекчи, илим эч түгөнбөгөн кенч. Илим алуунун эрте-кечи жок. Эчтен көрө кеч дегендей, билбей калып уят болгуча, илим алып калган жакшы», — деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Ошондой эле, 2024-жылы имамдарга окуу курсун уюштуруу боюнча да талкуу болду.

Кошумчалай кетсек, Ноокат районунда 300 гө жакын мечит бар. Анын ичинен 50дөн ашуун мечитте жума намазы окулат.