![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/12/IMG_0220.jpg)
Кечээ, 25-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев казыят тарабынан «Ардактуу баш имам-хатиб» номинациясы менен сыйланды.
«Баш имам-хатиб болуп турган учурунда мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө, кайрымдуулук жана башка жакшылык иш-чараларды уюштуруудагы чоң салымдарын эске алуу менен терең ыраазычылык билдиребиз. Аллахым ыраазы болсун «, — деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.