Жаңы дайындоо: Бекназар ажы Жапаров Ноокат районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Ош облусуна караштуу Ноокат районуна Жапаров Бекназар Толкунбекович баш имам-хатиб болуп дайындалгандыгы боюнча жарыя кылынып, райондун жалпы имамдарына тааныштырылды.

Жапаров Бекназар Толкунбекович тууралуу маалымат:

Ал 1996-жылдын 3-майында Ноокат району Күңгөй-Кожеке айылында туулган.

Билими:

2012-2018-жылдар аралыгында Ноокат районундагы «Имам Ат-Термизий» жогорку диний окуу жайын окуп бүткөн;

2020-2023-жылдар аралыгында Ош технологиялык университетин аяктаган.

Эмгек жолу:

2018-2019-жылдар аралыгында «Имам Ат-Термизий» жогорку диний окуу жайынын жооптуу катчысы;

2018-2023-жылдар аралыгында Ноокат райондук хатибиятынын жооптуу катчысы;

2020-2023-ж.ж. Ноокат райондук хатибиятынын бухгалтери;

2019-2023-ж.ж. Ноокат райондук хатибиятынын Ажылык иштери боюнча жооптуу оператору;

2018-2023-ж.ж. Ноокат районундагы «Ысман-Ата» мечитинин имамы.

Сыйлыктары:

2020-ж. Ноокат райондук хатибиятынын Ардактуу дин кызматкери;

2020-ж. Ноокат райондук хатибиятынын мыкты кызматкери;

2021-ж. Н. Исанов айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы;

2022-ж. Ош облустук казыятынын Ыраазычылык баракчасы;

2023-ж. «КР ИИМге колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалын алган.