Кочкордо айыл имамына умрага жолдомо белек кылынды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылынын имамы Муратбек Абиевге умра сертификаты тапшырылды.

«Муратбек Абиев өз билимин жогорулатууда муфтия, казыят тарабынан уюштурулган окуу курстарына жигердүү катышып келет. Ошону менен катар мечиттин документтерин алгачкылардан болуп бүтүргөн. Муфтият, казыят тарабынан чыккан буйруктарды өз убагында аткара билген, ишине так диний кызматкер», — деп билдирди Кочкор районунун баш имам-хатиби Жеңишбек Арзымкожоев.

Муратбек Абиев Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айлынын элине он үч жылдан бери имамдык кызматын өтөп келет. Он үч жыл аралыгында айыл эли менен тыгыз иш алып баруусу көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапкан.

Мындан сырткары, демөөрчүлөрдүн тилин таба билип, кайрымдуулук иш-чараларын көп өткөрөт. О. э. мечиттин ички-тышкы ремонтторун жасатып келет. Бул жылы да мечиттин ичин кайрадан толук ремонттон өткөрүп, килемдерин алмаштырган. Мына ушундай иштерине күбө болгон айыл тургундары жана жеке демөөрчүлөр имамдын ишин жогору баалашып, умрага жолдомо тапшырышты.