Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда имамдарга жыйын болуп өттү

Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда айыл имамдарга жыйын болуп өттү. Жыйында:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралы № 54 Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыктын ишке ашырылуусу;

— «Улуттук нарк» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-майындагы №157 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча;

— Эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттердин каттоосун тездетүү;

— Мечиттердин тазалыгына көңүл буруу;

— Мечиттердин жылуугун жакшыртуу. «Аллах Таала ыйык Куранда пайгамбарыбызга, «Эскерткин! Албетте эскертүү момундардарга пайда берет» деп буйруган. Адам баласы унутчаак болот экенбиз. Эки жыл мурда бүт дүйнөгө жайылган алаамат оору баарыбызды түйшүккө салып, үйдөн чыкпай бардык нерсени үнөмдөп калган элек. Батирде жашаган бир туугандарыбыз карантиндин айынан жумушу токтоп тамак-ашка муктаж болуп калган элек. Жашоо шарты бир нукта тура бербейт экен. Колдо бар нерсенин кадырына жетели. Ден соолук, убакыт, байлык бизге берилген бакыт. Аны туура пайдалануу эң маанилүү, азыр деле ар кайсы тараптан колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөр бар. Жакшылык-жамандыкта болуп жаткан ысырапкерчиликти токтотуп, ошолорго берели деп эскерте бериңиздер», — деп билдирди Аламүдүн районунун баш имам-хатиби Абдурахман ажы Анаркулов.