Өзгөн районундагы жалпы имамдарга жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 26-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук хатибияты тарабынан райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүлүп, төмөнкү маселелер тууралуу сөз болду:

— Үй-бүлө баалуулуктарын сактоо; баяндамачы райондун акими Каныбек Апбасов;

— Экстремизм-терроризмдин алдын алуу жана жашы жете электерге нике кыйбоо; баяндамачы райондун прокурору Замирбек Жумабаев;

— Ысырапкорчулуктун алдын алуу; баяндамачы райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров;

«Ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча өлкө башчыбыздын жарлыгы жана КМДБнын фатвасы чыккан. Элге туура түшүндүрүү иштерин дагы да күчөтүү керек», — деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.

Ошондой эле райондун акими Каныбек Апбасов өз сөзүндө, «Элибизде, жерибизде тынчтык болсун. Дин кызматкерлери элдин ынтымагын бекемдөөдө абдан жакшы иштерди аткарып келүүдө. Дагы да талыкпастан, элдин ынтымагы жана биримдигин чыңдоодо жакындан жардам берип туруңуздар»- деди.

Аталган жыйынга Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, райондун прокурору Замирбек Жумабаев, укук коргоо кызматкерлери жана райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров баштаган мечит имамдары катышты.