Акжол ажы Бакиров Өзгөн районунун акими тарабынан сыйланды

Бүгүн, 26-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондун жалпы имамдарына өткөрүлгөн жыйынында мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө, элдин диний сабаттуулугун жогорулатууда талыкпай эмгектенип келе жаткандыгы үчүн райондун акими тарабынан ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө Өзгөн районунда эсептик каттоодон өткөн 175 мечит өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.