Балыкчы шаарында жаңы мечит ишке берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында «Нурсултан» атындагы жаңы мечиттин ачылышы болду. Ачылыш аземге шаар мэри Азамат Арнабек уулу, Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, шаардын имамдары жана шаар тургандары катышты. Облус казысы куттуктоо сөзүн сүйлөп:

«Урматтуу мусулман бир туугандар, мечит – Алланын үйү. Ал үй кооз болушу керек, мечиттин кооздугу анын жасалгасында эмес, балким анын ичи толгон адамдарда. Мечитке көбүрөөк каттап, ынтымакта, биримдикте ибаадат кылалы. Ушул мечит адамдарды ыймандуулукка, илим-билимге, ынтымакка, адеп-ахлак тарбиясына бириктирген имарат болсун. Жараткан мечит курган, ага көмөктөшкөн бардык инсандарга ыйман, ыклас, берекелерин берсин. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ким мечит курса, ага Алла бейиште үй курат» деген. Алла Таала ушул убадаланган соопту насип этсин», – деп ыраазычылыгын билдирди.

Салтанаттуу ачылышта мечит курууга демөөрчүлүк кылган Тилек Шаршеевге жана диний курулушка салым кошкон бир катар жарандарга мэрия жана казыят тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.