Сүлүктү шаарында жергиликтүү тургун тарабынан жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Бүгүн, 26-декабрда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жаңы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылышка шаар мэри Болот Абдыжапаров, Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Асадбек Ибрагимов, Сүлүктү шаарынын имам-хатиби Алмухаммед Мизамидин уулу жана шаар тургундары катышты. 

Коноктор куттуктоо сөздөрүн айтуу менен бирге жергебизге тынчтык, өсүп-өнүгүү каалап, мечит ар дайым 5 убак намаз окулуп, ыйман ордосу болушун тилек кылышты.

Белгилей кетсек, эскилиги жетип, колдонууга кооптуу болуп калган мурдагы мечит толугу менен буздурулуп, ордуна жаңыдан курулуп пайдаланууга берилди. Аталган мечит Сүлүктү шаарынын тургуну, жеке ишкер Анас Абдиевдин жеке демилгеси менен ишке ашты.